Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда мыкты спортчу деп табылды

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекованы Дүйнөлүк күрөш уюму Дүйнө кубогунда мыкты спортчу деп тапты. Бул тууралуу Тыныбекова фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль уткан.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өткөн.

Тыныбекова мелдешке 62 кг салмакта катышкан. Ал 1/8 финалында румыниялык Криста Инцени 10:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык спортчу Жансу Аксой (Түркия) менен күрөшүп, аны да 10:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда Тыныбекова россиялык Любовь Овчарова менен кармашып, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти.

Финалда мекендешибиз латвиялык Анастасия Григорьева менен килем үстүндө күч сынашып, аны 14:0 ири эсебинде артта калтырган.

Предыдущий

Артем Новиков посетит месторождение Бозымчак

Следующий

Россия передала Киргизии 200 тысяч тест-систем на коронавирус

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *