Бишкекке мэр токтобос болду

КР эгемендик алгандан бери, ПМ жана Бишкек мэрлери токтобос болду көпкө. Акаев доорунун мэрлерине жыргал болгон. Алардын алтын доорлору десек да ашыкча болбойт. Бул дээрлик 15 жылга чукул аралык. Ал кезде союздан калган байлыктар, ресурстар чексиз; эч кандай коррупция менен күрөшүү деген жок; соцтармактар, вотсап дегендердин жыты да жок; эч кандай коомдук да, бийлик тарабынан да контроль жок кез. Ал кезде эсте калгандардан: М. Керимкулов, эмнеси менен эсте калды белгисиз. Б. Силаев, бул жалаң эле сулуулар конкурсун, анан кикбоксинг мелдештерин өткөрүп эле туруп алган. Кикбоксинг демекчи, кайсы версиялар экендиги эсимде жок, бирок КРдан чемпиондор өтө көп болгон. Бишкектин негизги байлыктары ошол жылдары менчикке өтүп кеткен. Муниципалитетте өтө чоң байлыктар болмок, ошондо сатылып кетпегенде. Мына, азыр он сотых жерлерди курулуш компаниялары млн. долларларга сатып алып жатышат. Башка байлыктарды айтпай эле койсок, алар эсепсиз жана эң мыкты объектилер эле. Ошол жылдары Бишкек шаарынын келечек инфраструктурасына, келечектеги өсүшүнө точка коюлган. Мисалы, транспорт жана жолдор. Муниципалдык транспортту талкалашты. Жолдор Фрунзе шаарына, болжол менен 600 миң жашоочуга гана арналып салынган. Азыр Бишкекте эки эсе көп калк жашайт. Жолдорду узартуу, кеңейтүү мүмкүн эмес, бардык объектилер менчикте. Жүз эмес, бир үйдү бузуп көр. Мэриянын соттон башы чыкпайт. Аларды сатып гана алыш керек. Ага шаарда акча жок. Туңгуюк. 2005-жылдан кийинки мэрлер. И. Өмүркулов, Ош базарынын айланасын тазалады, жолду ачты. Аны жеп алды, мындай деген сөздөр да болгон. Ушул жерден ушул маселеге чекит койсок. Дээрлик бардык мэрлерди, сөз келгенде кошо кетсек, КРдагы көпчүлүк бийликте болгондорду коррупцияга аралашкан деген сөз ээрчип келет. Эксперимент жасап көрсө болот, соцтармактарда, ким таза бийликтегилерден деген. Бир саатта миң иштерин таап чыгышат соцтармактагылар. Ушул себептен, ким таза иштеди, бул темада ал жөнүндө сөз жок. Н. Тулеев, жакшы иш кылып, автобустарды ташып баштаган, аягында ушул боюнча камалды. Кулматов, не кылганы эсте жок. Иштебеген адамды сын да, айыптар да ээрчибейт, деген принципте болду ал. А. Ибраимов. Тамагы чоң деп айтып келишет. Бирок, шаарда кылган бир нече иштери бар. Көп жылдар бою, эң жөнөкөй эки нерсе чечилбей келген. Фучик — Чүй проспектиси кесилиши, Алма-Ата — Жибек жолу кесилиши. Эң чоң транспорт тыгыны. Көп деле акылдын, ресурстун кереги жок экен. Жолду тосмолор менен экиге бөлдү. Бүттү проблема. Аламедин базарынын жанына асма көпүрө курду жөө адамдарга, филармония, ЦУМдун жанындагы жер астындагы өтмөктөрдү оңдоп салды. Суракматов деле иштеп жаткан. И. О. мэр болгон жарабаган иш экен. Ойлорун ишке ашырганга убакыт болгон жок. Айткан пландарын кийинкилери аткара албай кыйналышат. Монорельс мейли, жакшы кыялдар экен. Маршрут тарифин 15 сомго көтөрөм деп салган. Майда маршрут ээлери бул убаданы козгошот. Тариф көтөрүлсө, араң турган эл мэрди талайт. Оңго барсаң, солго барсаң, бул болот деген акыбал. Он автобус, мектеп окуучуларына, ал да проблема болот. Он автобус бир линияга да жетпейт. Бирок, эл үмүт кылып отурат да. Эң жакшы вариант аны кайра өз ордуна кайрып келүү го. Негизи Бишкек мэри кандай киши болуш керек. Жүз процент таза адамды табыш кыйын го постсоветтик КРдан. Персоналийлерин атасак жаңылыштык болот. Мэрдин иштөө критерийлерин гана кыскача атап койсок. Биринчиден, шаардагы дээрлик бардык объектилер жеке менчикте. Ошого карабай мэрияда өтө чоң штат бар. Дээрлик бардык тармактар боюнча башкармалыктар, департаменттер, функционалдык бөлүмдөр бар. 45 депутаттан турган шаар кеңеши бар. Мэр бир жерде канализация жарылса, же бир көчөдө жыртык пайда болсо жетип барбаш керек. Ал шаардагы тиешелүү органдарды координация кылып, аларды текшерип туруусу гана зарыл. Өз полномочиелерин так аткарып, башка мэриянын органдарынын ишине түздөн-түз киришпөөсү зарыл. Шаардын стратегиялык багыттарын, анын эң орчундуу проблемаларын карашы керек. Чындап келсе, мэрияга көп иш деле жок. Социалдык блок, транспорт, тазалык, коомдук тартип, жолдор. Иши кылса, азыркы заман талабын билген, билимдүү адам мэр болсо деген эле тилек.

Сейдалы Мырзакматов

Предыдущий

Данияр Сыдыков: «Биздин элчиликтер жана жооптуу органдар күндөп-түндөп эмгектенип жатышты».

Следующий

Садыр Жапаров: «Мен үчүн муфтийди мага десе башка планетадан алып келип коюп алышсын».

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *