Данияр Сыдыков: «Биздин элчиликтер жана жооптуу органдар күндөп-түндөп эмгектенип жатышты».

Сооронбай Жээнбеков учурунда Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Данияр Сыдыков Кыргызстанда 2020-жылдын жай айларындагы коронавирус маалында чет өлкөдөн алынган гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшү тууралуу өз фейсбук баракчасына пикир билдирген:

Менин дарегиме коронавирус пандемиясы учурунда биздин Мекенге чет өлкөлүк мамлекеттерден келген жардамдар тууралуу соцтармактарда ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат.Бүгүн мен Фейсбуктан, тагыраагы Владимир Горбенко бөлүшкөн макаланы окуп калдым. Баса, ал Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде пандемия убагында иштегени маалым.Ушуга байланыштуу сиздерге кыскача түшүндүрмө берүүнү туура деп чечтим.Бул жаман илдет башталгандан бери Президенттин, Өкмөттүн Аппараттары, Тышкы иштер министрлиги, өзгөчө анын жетекчиси Чингиз Айдарбеков, жана тиешелүү мамлекеттик органдар чет жактан жардам алып келүүнүн үстүнөн колубуздан келишинче аракет кылдык. Биздин элчиликтер жана жооптуу органдар күндөп-түндөп эмгектенип жатышты. Жыйынтыгында аз эмес гуманитардык жардам, анын ичинде ПЦР-тесттер, коргонуучу каражаттар жана башка жардамдар тартылды. Бул эбегейсиз эмгек үчүн баарына ыраазычылык билдирем. Эми мен жетектеген багыттын иш-аракеттерине токтолсом. Биринчиден, апаат башталгандан тартып тышкы саясат каналдар аркылуу мамлекет башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен бир катар сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, алардан гумжардам алуу сүйлөшүлгөн.Белгилеп кетсем, Президенттин Аппаратынын Тышкы саясат бөлүмү, ТИМ жана элчилер тиешелүү жардамдарды тартуунун гана үстүнөн иштейт. Аны үчүн биз жана ТИМ тараптан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бардык деңгээлде тынымсыз сүйлөшүүлөр уюштурулуп, колдон келишинче илдет менен жетишээрлик деңгээлде көбүрөөк жардам тартуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Экинчиден, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында даяр болгон жардамдарды өз убагында Кыргызстанга жеткирүү үчүн да биздин элчиликтердин жана ТИМдин деңгээлинде көп иштер аткарылды. Себеби пандемияга байланыштуу чек аралар жабылып, аба каттамдары токтоп калган учур эле. Жардамды Кыргызстанга батыраак жеткирүүнү координациялоонун үстүнөн да иштедик. Өзүңөр билгендей ошол күндөрдө мен өзүм дагы коронавирус жуктуруп, ушул илдеттин өтө оор формасы менен ооруп, анысы аз келгенсип жатаарга больница таппай, дары дармек издегенге көп убакытты коротуп алдым. Баягы өзүбүз чет өлкөдөн алып келип жаткан гуманитардык жардамдын «г»сын дагы көргөн жокпуз.Үчүнчүдөн, бардык гуманитардык жардам Кыргызстандын аймагына келип түшкөн соң биздин тиешелүү мамлекеттик органдар (Саламаттык сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ж.б.) аларды тосуп алышкан. Себеби бардыгыбызга белгилүү болгондой, бул медициналык каражаттар атайын сактоочу жерлерди талап кылат. ЖАРДАМДАР КИЙИН КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЧИНДЕ КАНДАЙЧА БӨЛҮНҮП ЖАНА КАНДАЙЧА ИШТЕТИЛЭЭРИНЕ ТЫШКЫ САЯСАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ОРГАНДАР КИЙЛИГИШЕ АЛБАЙТ. БУЛ ИШТЕРГЕ БИР ГАНА ТИЕШЕЛҮҮ ОРГАНДАР ЖООПТУУ ЖАНА БУЛ АЛАРДЫН ИШИ.

Предыдущий

Состоится ли строительство Камбаратинских ГЭС?

Следующий

Бишкекке мэр токтобос болду

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *