Бишкекте мектеп окуучусу мушташтан каза болду

Бишкекте мектеп окуучуларынын ортосундагы мушташтан 1 окуучу каза болгонун шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 28-май күнү кечке маал Бишкектеги №48 мектептин окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан. Мушташ учурунда ур токмокко кабылган 16 жаштагы 9-класстын окуучусу "Тез жардам" кызматы аркылуу балдар ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин мектеп окуучусунун өмүрүн сактап калуу аракетинен майнап чыккан эмес. Ал алган жаратынан улам каза болгон.

Бул факты Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

Жыл башынан бери бюджетке 47 млрд сомдон ашык киреше түштү

Кийинкини окуу

Жээнчороев өкмөт башчыга: Министрлик кызматка жаңыча көз карашта болгон азаматтардан алып келсеңиз болмок

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *