Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулду

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Айта кетсек, Туйгунаалы Абдраимов Сокулуктун Орок айылындагы жаңжалга байланыштуу аталган айылга барып, Akipress агенттигинин кабарчысынун суроосуна "кебетең өтө жагымсыз экен" деп жооп бербей каткырып кетип калган.

Кийин ал журналисттер менен жолугушууда кабарчы кыздын өзүнө жараша мамиле жасаганын айтып, андан кечирим сурабай турганын билдирген.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

Президент Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасын кабыл алды

Кийинкини окуу

Эсептөө палатасынын төрагасы: Жергиликтүү бюджеттерде каржы тартибин бузуу көп катталат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *