ИИМ: Динара Сагынбаева кызматынан четтетилди

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча айыпталып жаткан Улуттук госпиталдын башкы директору, экс-министр Динара Сагынбаева жумуштан четтетилди. Бул маалыматты Slon.kg агенттигине ИИМден тастыкташты.

Мекемеден билдиргендей, мурдагы министрге байланыштуу "тергөө аяктаган чейин кызматан четтетилсин" деген соттун чечими 13-июнда чыккан.

Буга чейин, бир катар басылмалар Динара Сагынбаеванын Улуттук госпиталда башкы директорлук кызматында иштеп жатканын жазышкан.

Динара Сагинбаева 16-майда Биринчи Май райондук соттун чечими менен бир айга камакка алынган. Ошол эле райондук сот аны 22-майда үй камагына чыгарган.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Кийинкини окуу

Бишкек-Балыкчы поезди каттоодо

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *