Нариман Түлеев миӊ ашык жөө жана 100дөй атчан адамды баштап Атамбаевдин үйүнө барат

Мындай маалыматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев массалык маалымат каражаттарына билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик башкаруусу учурунда саясий куугунтук жеп, камалып чыгып, үй-мүлкүн тарттырып жиберген Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев, Алмазбек Атамбаевди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыш үчүн штаб түзгөн. Учурда штабга келип кошулгандардын саны миӊге чукулдап калганын саясатчы өзүнүн интернеттеги “Фейсбук” баракчасына жазды.

“Мен мынчалык массалык жек көрүүнү күткөн эмес элем, бирок бул факт!”-деген Түлеев, штабга дагы келип кошула тургандардын саны көп экендигин билдирди.

Жөө жүрүштүн катышуучуларынын коопсуздугу үчүн 80-100дөй атайын атчандар тобу түзүлүп, алардын коштоосунда Алмазбек Атамбаевдин үйүн карай жүрүш уюштурулат. Ал качан болоору жакында белгилүү боло турганын кошумчалаган.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

УКМК: Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди

Кийинкини окуу

Атамбаевдин жаш “элитасы” эмне деди?

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *