Сооронбай Жээнбеков Кореянын премьер -министри Ли Нак Ен менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий визит менен келген Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту.

«Бул акыркы 28 жыл ичиндеги, биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы визит. Сиздин визитиңиз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө жана өз ара аракеттешүүнү активдештирүүгө өбөлгө болот», — деп баса белгиледи президент.

Ал 200дөн ашык кореялык компаниялардын жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн кыргыз-корей бизнес-форуму келечекте жакшы жемишин берерин канааттануу менен белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы көп сандагы корей диаспорасы Корея өлкөсү менен кызматташууну тереңдетүүгө өбөлгө болорун баса белгиледи.

Президент, ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жатканы үчүн Корея тарапка ыраазычылык билдирип, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин (КОИКА) алгылыктуу ишмердигин белгиледи. Өткөн жылдар ичинде Корея тараптан Кыргызстанга берилген гранттык жардамдын көлөмү бүгүнкү күнгө карата 42 млн АКШ долларын түздү.

Корея премьер-министри Ли Нак Ен да өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн кийин Кыргызстанга расмий визит менен келген Кореянын биринчи Өкмөт башчысы экенин белгиледи.

«Бул визит кечиккен визит болуп калды. Бирок биз эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн тездетүү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз. Биз өлкө жетекчилигинин аракеттерин баалайбыз. Анткени ошонун натыйжасында Кыргызстандагы демократиялык процесстер туруктуу өнүгүп, жаңы рыноктор ачылып, экономика өнүгүп жатат», — деп белгиледи Ли Нак Ен.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

Бакай Манасты саткан эмес. Манасчылар Атамбаевге жооп беришти

Кийинкини окуу

Атамбаев үчүнчү ирээт суракка чакырылды

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *