Папан суу сактагычына бир адам чөгүп кетти

Ош облусунун Папан айыл аймагындагы Папан суу сактагычына 1988-жылы туулган Д.К., аттуу эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, издөө иш-чараларын жүргүзүүгө 12 куткаруучу тартылган. Азырынча эч кандай натыйжа жок, издөө иштери улантылууда.

Андан тышкары, Нарын облусунун Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына 1964-жылы туулган А.Т., аттуу эркек киши түшүп кеткен. Издөө иштерине жалпысынан 22 куткаруучу тартылган. Министрликтен кошумчалашкандай, азырынча табыла элек.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

Министрлик мектеп формасын тандоодо эске алчу шарттарды атады

Кийинкини окуу

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек арада жолугушту

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *