Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон кечээ, 26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Ысык-Көл облусундагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп чыкты.

Эртең, 27-июлда Чолпон-Ата шаарында эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр уланат.

Эске салсак, бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Эки мамлекеттердин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында уланды.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

27-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кийинкини окуу

Жайлоодогу бөбөктөр бала бакчада

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *