Ленин чокусунда дайынсыз жоголгон туристти тик учак менен издеп жатышат

Ленин чокусунан түшүп келе жатып дайынсыз жоголгон Россиянын жаранын издөө үчүн тик учак тартылды, – деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, эс алганы келген 1974-жылкы И.И., аттуу россиялык жаран 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон. Акыркы жолу саат 18:40та байланышкка чыккан.

Россиялык жаран “Горы Азии” туристтик фирмасына катталган.

"29-июль күнү издөө иштерине ӨКМден 6 куткаруучу тартылып, мындан тышкары "Ак-Сай-Трейвел" туристтик компаниясынан 6 куткаруучу жана туристтик компаниясынын өтүнүчү менен "Кыргызстан Валор Эйр" авиакомпаниясынын 1 тик учак тартылган", – деп айтылат маалыматта.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат

Кийинкини окуу

“Кербен” аэропорту оңдолду

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *