3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат

Дээрлик 3 миң аскер кызматкери турак жай алуу үчүн кезекте турат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары 453 аскер кызматкери батирлүү болгон.

"Батирлер Баткен, Ош жана Бишкекте болгон. Учурда батир алуу жана турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча 2,5-3 миң аскер кызматкери кезекте турат. Бул жылы Ошто 216 батир жана Бишкекте 281 батирди берүүнү пландап жатабыз", – деди ал.

Алдынкыны окуу

Коопсуз шаардын «ШтрафИнфо KG» тиркемесинин эмне себептен иштебей жатканы айтылды

Кийинкини окуу

Ленин чокусунда дайынсыз жоголгон туристти тик учак менен издеп жатышат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *