Казакстандын жараны 4,5 кг зер буюмдарын мыйзамсыз ташып кирүүгө аракет кылган

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, 2019-жылдын 26-июль күнү болжол менен саат 11:50 чамасында “Манас” эл аралык аэропортунда “Манас” бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Стамбул-Бишкек катамы менен учуп келген 1989-жылы туулган Казакстандын жараны Б.Снын жүгүнө текшерүү жүргүзүшкөн. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 4 кг. 567 гр. ак металдан жасалган зер буюмдар табылган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштылуугу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

Сооронбай Жээнбеков: Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш

Кийинкини окуу

Токой чарба агенттигинин директору жана жардамчысы пара менен кармалышты

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *