7-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бүгүн, 7-августта Кыргызстанда аба ырайы абдан ысык болот, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин жетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалымат Кыргызгидрометтен алынды.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40;

Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 болот.

Ал эми Бишкекте абанын түнкү төмөнкү температурасы 22…24°, күндүзгү жогорку температурасы 37…39° болот.

Алдынкыны окуу

Солтон-Сары: Нарын элинин бийликке койгон талаптары тизмектелди

Кийинкини окуу

Кыргызстанда 7-августка карата валюталар курсу тууралуу маалымат

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *