Кой-Ташта жабыркагандардан Алтынай Өмүрбекова кабар алды

Бүгүн, 8-августта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алгандардан кабар алышты. Аталган жерде атайын операция учурунда 48 адам ооруканага кайрылган, алардын тогузу амбулатордук дарыланууда, бирөө каза болуп калды.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Өмүрбекова жаракат алгандарга тийиштүү медициналык дары-дармек менен камсыздоону тапшырды.
Учурда ооруканаларда жаткандардын саны 38ге жетти.
Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, жабыркагандардын көбү желим октон жараат алган. Эки кишиге аскердик ок тийген. Алардын бирөө кечээ каза болгон аскер кызматкери.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат

Кийинкини окуу

Кой-Таштагы барымтадагы калган жарадар аскер: «Биз элди ата алган жокпуз, мастар бизди сабап, курал менен атып жатышты»

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *