Өзбекстан жөнүндө фильм тарткан чет өлкөлүк компаниялардын чыгымдарынын бир бөлүгү төлөнөт

Келерки жылдан тарта өкмөт Өзбекстан жөнүндө баяндаган тасмаларды, клиптерди, мультфильмдерди жана анимелерди тарткан чет өлкөлүк компаниялардын чыгымдарынын бир бөлүгүн төлөп берет.

Президент Шавкат Мирзиёев кол койгон “Өзбекстан республикасынын туризм тармагын өнүктүрүү чаралары жөнүндө” жарлыкка ылайык, Өзбекстан аймагында чет өлкөлүк компаниялар тарабынан жаратылган аудиовизуалдык продукциялардын чыгымдарынын 20 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүп берилет. Эң жогорку чек 300 миң доллар.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен мындай норма азырына Өзбекстанда гана киргизилүүдө.

Мындан тышкары Өзбекстандын тарыхы жана тарыхый инсандары жөнүндө көркөм же даректүү тасма тартууну каалагандарга долбоордун бюджетинин 30 пайызы грант катары төлөнүп берилет. Бирок бул сумма бир фильм үчүн 3 миллиард сумдан (333 доллардын тегереги) ашпашы керек.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

Абылгазиев «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке берүү салтанатына катышты

Кийинкини окуу

Салянованын баш коргоо чарасы 5-сентябрга жылдырылды

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *