Бабанов УКМКга кайсы иштин негизинде суракка чакырылганы маалым болду

УКМК экс-депутат Өмүрбек Бабановду кайсы иш боюнча суракка чакырганын бүгүн, 20-августта билдирди.

Кечээ, 19-августта Финполдо дагы Өмүрбек Бабанов сурак берип чыккан. Суракта «Кыргызстан» банкы тууралуу сөз болгону маалым болгон.

Маалыматка ылайык, Бабанов бүгүн 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча суракка чакырылган. Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн себебин сүйлөшүүлөрдүн негизде болгонун айткан. Кайрадан 2019-жылы 9-августта Кыргызстанга кайтып келди.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кийинкини окуу

Нур-Султанда балдарды мектепке даярдоо үчүн берилген жардамга нааразы энелер акцияга чыгышты

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *