Мурдагы башкы прокурор Салянова жүрөк булчуңдары сезгенип ооруканага жатты

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жүрөк булчуңдары сезгенип, Улуттук кардиологиялык борборго жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Чынара Турдалиева билдирген.

Анын айтымында, Аида Салянованын абалы оор.

«Бирок, чет жерден операция жасатуу тууралуу кеп болгон жок. Аида Салянованы үй камагына чыгарышкан, ал эми аны башка өлкөгө барып дарыланып келүүсүн сот чечет», -деди ал.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга байланыштуу соттук өндүрүштү тергөө менен кызматташууга макулдугун билдирип, ал 15-августта үй камагына чыгарылган.

0 Reviews

Write a Review

Алдынкыны окуу

“Улуттук башкаруучу компаниянын” төрагасы болуп Ренат Тулебердиев дайындалды

Кийинкини окуу

Өзбекстанда Миграция агенттигинин мурдагы башчысы 12 жылга соттолду

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *