Рахат Сабырбеков: Жашыл экономиканы экологиялык экономисттер ишке ашырат

Дүйнө жүзүндөгү көп өлкөлөр жашыл экономикага олуттуу көңүл буруп, абдан терең изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Бир кезде маани бербей келген табигый байлыктардын куну келечекте баа жеткис болуп калаарына азыр көз жетип жатат. Мисалы суу, аба, жер кыртышы, токой, тоолор. Жашыл экономика же болбосо экологиялык экономика боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жаткан адистердин бул боюнча ой пикирин да угуп көрсөк. Борбор Азиядагы Америка университетинин айлана-чөйрөнү жана өнүгүүнү изилдөө борборунун жетекчиси Рахат САБЫРБЕКОВ менен төмөнкүчө маектештик.

– Жашыл экономика боюнча Кыргызстанда кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп жатасыздар?

– Негизинен жашыл экономика боюнча Кыргызстанда изилдөөлөр жокко эсе. Биз 2018-жылы атайын сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда өкмөттө, министрликтерде иштеген кызматкерлер жашыл экономика дегенди кандай түшүнөт, деңгээли кандай деп сурамжылап чыкканбыз. Бирок кызматкерлер өздөрү айткандай, алардын жашыл экономика боюнча билими, билгени абдан төмөн. Азыр жашыл экономика тууралуу көп айтыла баштады. Буга чейин экология тууралуу эле айтып келишчү. Ал эми жашыл экономика дегенибиз – экономика менен экологиянын эриш-аркак иш алып баруусу. Экономисттер көп, а бирок экологиялык экономисттер жок. Андай адистик да жок. А жашыл экономика үчүн экологиялык экономисттер керек, андай адистер болбосо биз жашыл экономиканы өнүктүрө албайбыз.

– Башка өлкөлөр жашыл экономика боюнча кандай иштеп жаткандыгына изилдөө жасап жатсаңыз керек. Алар жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн адегенде ишти эмнеден башташты?

– Азыр айрым өлкөлөр жаратылыштагы экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү эсептеп чыгышты. Бул жаңы методика, биздин өлкөгө келе элек. Бизде пилоттук бир-эки долбоор жасалып жатат, бирок бүтө элек. Мисалы, Улуу Британияда жыл сайын чыгуучу “Жашыл китеп” деген бар. Анда жыл сайын бүткүл жаратылыштын баасы эсептелип чыгарылат: суунун баасы канча болгону, токойдун баасын, жердин баасын эсептеп, алардын жогорулоо же төмөндөө динамикасын көрсөтүп турат.

– Жердин, токойдун, суунун баасын кантип эсептешет?

– Жаратылыштын баасы көтөрүлүп жатабы же түшүп атабы, келечекке коркунуч жокпу деген максатта эсептеп турушат. Биз мисалы, ИДПны (ички дүң продукция) эле карайбыз. Мынча тонна алтын казылды, андан казынага мынча каражат түштү деп гана эсептейбиз. Ошол эле учурда кен казылган жайлоолордо көмүр кычкыл газы болот, дүйнөдө алардын базары бар. Ошол эле жайлоолор абаны тазартат, сууну кармап турат, ошол эле жайлоолордо чөп өсөт. Мөңгүлөрдөн аккандардын бардыгын ошол жайлоолор кармап турат. Жайлоолордо генетикалык фонд болгон кымбат баалуу чөптөр да бар. Бизде буларды санашпайт, анткени бизге экосистемалык кызматтарды эсептөө келе элек. Алтынды алып кетишет, ал эми казылган жер 50, 100 жылдарга калып кала берет. Эгер ушулардын бардыгын баалап, санай келгенде чындыгында алтынды деле казып кереги жок. Кыргызстанда ушундай экосистемалык, эколого-экономикалык мамиле кылуу али кире элек. Булар өлкөнүн экономикасынан карай келгенде 200, 100 жылдык, эң азы 50 жылдык пайда алып келе турган байлыктар. Азыркы ИДП боюнча эсептелген байлыктар бир гана жылы пайда алып келе тургандар. Ошондуктан жашыл экономика бизге жагабы-жакпайбы, же ал жаманбы-жакшыбы дегенге эмес, биздин мамлекеттин алдыда дагы 50, 100, 200 жылга туруктуу өнүгүүсүнүн маселесине баш катырышыбыз керек.

– Сиз буга чейин аз эле адамдар ой жүгүрткөн көрүнүштөрдү айттыңыз. Ушундай фундаменталдуу изилдөөлөр боюнча ички дүң жыйымдарды эле эсептей бербей, кийинки элүү жылдыктарды, жүз жылдыктарды ойлош керек деп бийликке кандайдыр бир сунуштарды айтып көрдүңүзбү?

– Эксперт катары жашыл экономика боюнча концепцияны иштеп чыгууга катышып жатабыз. Ушул жылдын март айында биздин университетке Кыргызстандагы университеттердин өкүлдөрүн чакырдык. Анда жашыл экономика менен туруктуу өнүгүү боюнча альянс түзөлү деп демилге көтөрдүк. Себеби ар ким ар кандай иштеп жатат. Биздин платформага Кыргызстан боюнча 12 университет катышты. Жашыл экономика боюнча билим берүүнү, изилдөөлөрдү өнүктүрүү боюнча резолюция кабыл алдык. Эми сентябрда дагы чогулабыз. Бардыгыбыз биригип бир-эки жылга план түзүп, жашыл экономика боюнча мамлекеттин саясатына таасир көрсөтөлү деген максатыбыз бар.

– Баятан терең изилдөөлөрдү кеп кылдыңыз. Эми экологияны сактоодо азыркы жаш муундардын аң-сезимин өзгөртүү үчүн кандай билим берүү керек деп ойлойсуз?

– Менимче, аң-сезимди өзгөртүү үчүн өзүбүз үлгү көрсөтүшүбүз керек. Айта берген жукпайт, көрсөтсөң гана таасири күчтүү болот. Мындай тарбия балдардан эмес, ата-энелерден башталыш керек. Буга чоң деле каражат кетпейт. Балдарга керектүү сабактын баары эле окутулуп келе жатат. Бирок айткан башка, аны өзүң жасап көрсөткөн башка. Биздин анализ боюнча бардык окуу жайларда тең экологияга тиешелүү предметтер бар. Окугандар аларды билишет.

– Сиздин оюңузча, кайсы мамлекеттерде жашыл экономика боюнча алгылыктуу иштер аткарылып жатат? Ошолордун кайсынысы Кыргызстанга ылайыктуу деп ойлойсуз?

– Азыр дүйнө жүзүнүн бардык тарабында жашыл экономика боюнча ар кандай иштер аткарылып жатат. Мисалы, “Европа 2050” деген программа бар. Ошол программа башталганда алгач изилдөө жасалып, бүткүл Европа боюнча экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү баалап чыгышкан. Анан изилдөөчүлөр экосистемалык карта жасашкан. Ошо картанын негизинде жаратылыш капиталын эсептеп чыгышкан. Демек, изилдөөдөн ары маалымат берилип, андан кийин мамлекеттин саясатына кантип таасир берүү иштери кетет. Жашыл экономика боюнча лидерлерден Норвегияны айтсак болот, айрыкча альтернативалык энергия жаатында жакшы иштер жасалып жатат. Скандинавиянын башка өлкөлөрүндө да ушундай. Ошондой эле Австралияда токой, сууларды изилдөөдө бир топ жылыштар бар. Ал эми биздин кошуна Кытай күн энергиясын колдонуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Күн батареяларын чыгаруу, электромобилдерди чыгарууда да алар алдыга кетишти.

Биз жок дегенде жөнөкөй эле нерселерден: таштандыларды азайтуу, көп басуу, машинелерди азайтуудан баштасак болот. Азыркы коомдогу обу жок салттарды да азайтса болоор эле. Себеби ысырапкерчилик көп болууда. Жашаш үчүн бир адамга 3 миң килокалорий керек болсо, биз тойго барган бир кечте эле 20, 30 миң килокалорийди пайдаланабыз. Адам өзүнө зарыл гана ресурсту колдонууга өтүшү керек. Бири-бирибизге атаандашып машине алабыз, ал бөлүп чыгарган газдан аба булганып андан ооруп, дарыланууга көп каражат коротобуз.

– Сиз жетектеген борбор дагы кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат?

– Негизги биздин изилдөөлөр экологиялык экономика боюнча. Энергетика боюнча бир изилдөө бүтүрдүк. Анда электрэнергия элге 99 пайыз жетиштүү болуп турса да эл неге көмүр жагышат, эмнеге энергоэффективдүү үйлөр салынбайт, эмне үчүн салынган үйлөр эффективдүү жылууланбайт дегендей изилдөөлөр жүрдү. Экинчиден, үй-бүлөлөр канча кычкылтек бөлүп чыгарат дегенди изилдедик.

-Үй-бүлө кычкылтек бөлүп чыгарат дегенди кандай түшүнсө болот?

– Биз үй-бүлө катары кычкылтекти эки түрдө бөлүп чыгарабыз. Биринчиси, мисалы биз машина айдасак, от жаксак үй-бүлө катары кычкылтекти түздөн-түз бөлүп чыгарабыз. Ал эми дүкөндөн чөнтөк телефон сатып алсак, дагы кийим сатып алсак, анда бул кыйыр түрдө кычкылтек бөлүп чыгаргандык болуп эсептелет. Себеби, чөнтөк телефонду иштеп чыгаруу, кийимди тигүү үчүн фабрикадан кычкылтек короду да. Ушундай кайсы факторлор үй-бүлөлөргө көп таасир тийгизгени изилденет. Дагы бир изилдөөбүз транспорттук жакырчылык деген концепт боюнча болду. Эгер бир үй-бүлө иштеп тапкан каражатынын 30 пайызын транспортко коротсо, анда ал транспорттук жакырчылыкта жашайт, каражат жетишпейт, кыйналып жатат деп эсептелет. Биз республика боюнча ушундай карта жасап жатабыз. Биз транспортсуз жашай алабыз. Бирок аргасыз колдонобуз.

2 Reviews

isosione
1

Check upper prescriptions ashes yourself: see.

http://mewkid.net/where-is-xena/ - Buy Amoxicillin Amoxicillin 500mg fbo.djlx.slon.kg.tkt.bb http://mewkid.net/where-is-xena/

oaxikano
1

Table-top scrotum demise introversion, ages.

http://mewkid.net/where-is-xena/ - Amoxicillin 500 Mg Amoxicillin 500mg izu.wirt.slon.kg.ocw.lo http://mewkid.net/where-is-xena/

Write a Review

Алдынкыны окуу

Тажикстанда пенсия берүү мекемесинде 100 миң доллар уурдоо фактысы аныкталды

Кийинкини окуу

Бишкектеги кампадан чыккан өрттөн эки адам иске ууланды. Биринин абалы оор

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *