
27-августта Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы карады. Сот 13-октябрга чейин Курсан Асановду үй камагына алуу чечимин чыгарды.Түшкө маал Курсан Асанов Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн кирип, беш саатка жакын убакыттан соң чыккан.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.
Ага “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деп да айып тагылган.