Сооронбай Жээнбеков: Коррупционерлерден түшкөн каражатка мектептер курулат

Президент Сооронбай Жээнбеков келечекте ушул мектептердин бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошчу татыктуу жарандар болооруна тилектештигин билдирди.
Учурда Сокулук районунун Орок айылында сабактар үч мөөнөттө өтүүдө, кошумча корпустун курулушуна ɵтɵ муктаж.
Эки кабаттуу кошумча курулуш корпусу мектептин кубаттуулугун 500 окуучу орунга чейин жогорулатат.Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы дагы окуу имаратын кеңейтүүгө абдан муктаж. Жалпы билим берүүчү мекеменин үч кабаттуу корпусу 385 орунга ылайыкталат. Курулуш иштерин 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.
Эске салсак, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында түшкөн каражаттар үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.
Мамлекет башчысы борбор калаадагы мектептерге барганда коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же алардын имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын белгилеген.

 

Алдынкыны окуу

ИИМдин мурдагы орун басары Асанов үй камагына алынды

Кийинкини окуу

Мурдагы транспорт министри Калилов жаңы кызматка дайындалды

Комментарий калтыруу

Your email address will not be published. Required fields are marked *