Президент Жээнбеков спикер Жумабеков менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен өлкөнүн парламентинин кезектеги сессиясы башталганына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясатты камсыздоо бөлүмү билдирди.
Өлкөнүн мыйзам чыгаруучу базасын жана республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин төрагасын парламенттин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктады. Ошондой эле бул сессия депутаттар үчүн өзгөчө мааниге ээ жана алтынчы чакырылыштын жыйынтыктоочу сессиясы болуп саналаарын кошумчалады.
Президент Жогорку Кеңештин депутаттары өз милдетин өзгөчө жоопкерчилик менен аткарарына үмүтүн билдирди. Ал парламентарийлер аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү мамлекеттик саясатын, сот-укуктук реформаны алдыга жылдыруу жана жарандардын жашоосун жакшырта турган социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашыруу алкагында мыйзам долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурушат деген ишенимин белгиледи.
Мамлекет башчысы бул багытта Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен конструктивдүү аракеттенишүү зарылдыгын белгиледи.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жакын арада парламенттин алдында турган пландар тууралуу айтып берди.

Алдынкыны окуу

Душанбеде чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер асынып алды

Кийинкини окуу

Өкмөт: «Сары-Чат – Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөргө»берилди деген маалымат жалган