Өзбекстан Кытай жарандарына визасыз режим киргизди

12-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кытай жарандарына, анын ичинде Гонконг административдик району үчүн визасыз режим киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди.

Жарлыкка ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстан эл аралык аэрпорттору аркылуу өткөн Кытай жана Гонконг жарандары бул өлкөдө 7 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп 1,5 миллиард калкы бар Кытай үчүн кыска мөөнөттүү визасыз режим киргизди. БыйылКазакстан үчүнчү өлкөлөргө Казакстандын улуттук авиакомпанияларынын учактары менен Нур-Султан жана Алматы аэропорту аркылуу учкан кытай жарандарына 72 саатка визасыз транзит киргизген.

Алдынкыны окуу

Президент жана Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү эмнени сүйлөштү?

Кийинкини окуу

Абылгазиев Ирандын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини кабыл алды