Оштогу спорт комплекстин курулушунун 50 пайызы аяктады

Оштогу спорт комплекстин курулушунун 50 пайызы аяктады. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна курулуп жаткан спорт коплекстин курулушунун 50%ы аяктады. Шаардагы эң чоң спорт комплекстин курулушу Иран Ислам Республикасы тарабынан каржыланууда.
Спорт комплексте волейбол, баскетбол, бокс, күрөш, теннис оюндары өтүүчү залдар курулууда. 200дөй көрүүчүлөр үчүн да орундуктар курулуп, спорттук мелдештер өтүүсүнө шарт түзүлөт. Ал эми спорт комплекстин жанына кичи футбол аянтчасы курулат.
Залдардан тышкары жуунучу жайлар, фитнес, балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы жашылдандырылат.
Эскерте кетсек, курулушка  мэрия тарабынан берилген жер тилкенин аянтты 5170 м2 түзөт. Спорт комплекстин курулушуна ушул жылдын 28-июнунда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов капсула салган. 31-декабрга чейин курулуш иштери толугу менен бүткөрүлөөрү пландалууда.

Алдынкыны окуу

Абылгазиев Ирандын Ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини кабыл алды

Кийинкини окуу

16-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат