Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 2-октябрында саат 12:37де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл чейин сезилген.
Такталган маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Алдынкыны окуу

Тараздын борбордук аянтына Назарбаевдин ысымы берилди

Кийинкини окуу

Бүгүн Эмил Уметалиев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды