Азимбек Бекназаров: Элчи кызматына чечим кабыл ала элекмин

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент ага Түркияга, Азербайжанга, Малайзияга элчи болуп барууну сунуш кылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-октябрда маалымат жыйында билдиргенин «super.kg» жазып чыкты.
“Мен президент менен жолукканда курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм деп айттым. Конституциялык реформа, кендерге байланышкан маселелер ачык бойдон калып жатканын билдиргем”, – дейт Бекназаров.
Ал ушул аптада президент менен жолугуп, ошондо сунушталган кызматтар тууралуу чечим чыгара турганын белгиледи.

Алдынкыны окуу

Ысык-Көлдө кар көчкүдөн жабыркаган малчылар аман-эсен табылды

Кийинкини окуу

Өткөн жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 135 млрд 504 млн сомду түздү