12-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

12-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында күн сууктап, жамгыр карга айланышы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;
Нарын дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
Бишкек шаарында күндүз жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болот.

Алдынкыны окуу

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин көңүл биргелешкен экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө бурулушу керек

Кийинкини окуу

Бишкекте таксистке кол салган шектүүлөр кармалды