Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусун урду деген шек менен 24 жаштагы жаран кармалды

Жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын айдоочусун урган жаран кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Интернет тармагында “Айдоочуну жөнөкөй жаран уруп салды” деген видео тараган. Анда белгисиз жаран жүргүнчү ташып бара жаткан айдоочуну муштум менен бир нече жолу согуп калган. Окуя тууралуу маалымат шаардык башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө 10-октябрда саат 18:35 чамасында келип түшкөн. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу маршруттук таксинин айдоочусун уруп, белгисиз тарапка качып кеткендиги маалымдалган.

Ал эми ушул эле күнү Ленин РИИБине С.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, белгисиз жаран унаасынан түшүп аны урган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “уруп, сабоо” беренеси менен катталып, 11-октябрда “бейбаштык” беренесине өзгөртүлүп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалган. “Ыкчам тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1995-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына алып келинди. Учурда тергөө иштери уланууда”, – деди маалымат кызматынан.

Алдынкыны окуу

Кыргыз-Өзбек чек арасынан башка бирөөнүн документи менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кийинкини окуу

14-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат