Кыргыз-Өзбек чек арасынан башка бирөөнүн документи менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Баймак» көзөмөл-өткөрмө бекетинен мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 11-октябрда болгон.

34 жаштагы кыргыз жараны мамлекеттик чек арадан өтүп жатып Өзбекстандын башка адамга жазылган чет өлкөлүк паспортун көрсөткөн. Ал документ жарым-жартылай жасалма экени аныкталды.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Алдынкыны окуу

Казакстанда теракт жасоого даярдык көргөн киши 10 жылга соттолду

Кийинкини окуу

Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусун урду деген шек менен 24 жаштагы жаран кармалды