Кийинки жылы Кыргызстанга кирген 166 товарга бажы салымдар көтөрүлөт

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга кирген товарлар тобунун бажы төлөмү көтөрүлө турганын эскертти.
Ал аталган маселе боюнча өкмөт маалымат берүүсү керектигин айтып, төрагага протоколдук тапшырма берүү тууралуу сунуш берди.
«Эгерде буга чейин бир автоунаага болгон бажы салым 500 доллар түзсө, жаңы жылдан тарта 5 миң доллар чыгаары белгилүү болду. Айтылып жаткан 166 товарга болгон бажы салымдар дагы кымбаттаса, бул ишкерлерге кедергисин тийгизиши мүмкүн. Биздин ишкерлер Турция, Кытай мамлекеттери менен иштешет. Алар бул 166 товардын аттарын дагы, кандай товарлар экенин дагы билишпейт», – деген нааразычылыгын  билдирди.

Алдынкыны окуу

Депутаттар Кыргызстандын аймагында жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга 10 жыл мораторий киргизүүнү сунушташууда

Кийинкини окуу

Коомчулукту кызыктырган маселе: Парламент төрагасынын функциялары жана ал өз алдынча эмне кыла алат?