Сооронбай Жээнбеков Япониядагы иш сапарынын алкагында мекендештер менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 22-октябрда Япониядагы иш сапарынын алкагында мекендештер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу Токио шаарында болуп өттү.
«Мени биздин жаштардын Япониянын алдыңкы технологияларын, тилин, тарыхын жана маданиятын изилдеп жатканы кубандырууда. Мындай тажырыйбаны өздөштүрүү Кыргызстандын келечеги үчүн абдан маанилүү», — деди Жээнбеков.
Мамлекет башчы Японияга Кыргызстандан жыл сайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер окууга келип жаткандыгын белгиледи.
Мекендештер Кыргызстанга кайтып келгенден кийин алган билимин, тажрыйбасын мамлекеттик органдардын ишмердигин жана башкаруу системасын жакшыртууга колдонот деген ишенимин билдирди.
Кыргызстандыктар президентке Жапониянын жогорку окуу жайларында стипендиялык программаларга берилүүчү орундарды көбөйтүүнү өтүнүштү.
Президент Жээнбеков Японияга болгон сапарынын алкагында аталган өлкөнүн императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.

Алдынкыны окуу

Парламентте мектеп окуучуларына тамак даярдоодо азык-түлүкдөрдү өндүрүүгө айыл өкмөттөрдөн жер суралганы кайчы пикирлерди жаратты

Кийинкини окуу

Депутаттар Кыргызстандын аймагында жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга 10 жыл мораторий киргизүүнү сунушташууда