Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапар менен Орусияга кетти

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Москва шаарына иш сапар менен кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынан кабарлашты.
Иш сапардын алкагында Өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, ошондой эле ушул жылдын 25-октябрында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында күн тартибиндеги 15 маселе каралат. Ал эми КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.

Алдынкыны окуу

Кыргызстанга Казакстандан түтүк аркылуу күйүүчү май ташыгандар кармалды

Кийинкини окуу

Президент Кыргызстан жана Литванын дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу мыйзамына кол койду