Эл аралык террордук уюмдун лагеринде атайын даярдыктан өткөн кыргызстандык кармалды

Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынган эл аралык террор уюмдун (ЭТУ) мүчөсү колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) менен Ички иштер министрлиги биргеликте кармашкан. Террорго шектелген 25 жаштагы Д.А. аттуу Кыргызстандын жараны 18-октябрда колго түшкөн. Ал Эл аралык террордук уюмдун лагеринен атайын диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп, башчысынын тапшырмасы боюнча Кыргызстандын аймагына келген. 2016-жылдан бери Д.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн.

Кармалган адам Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Алдынкыны окуу

Бүгүн паралменттин эки комитети кийинки жылдын бюджетин талкуулайт

Кийинкини окуу

Ош — Кувейт — Ош багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылды