7-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

7-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда биз аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мтерден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 1…3° градус болот.

Алдынкыны окуу

Футбол Кыргызстан-Мьянма. Оюн талаасына чуркап чыккан күйөрман үчүн Футбол федерациясы санкция күтүүдө

Кийинкини окуу

Эрдоган аль-Багдадинин аялы кармалганын билдирди