Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду акчанын басымдуу бөлүгүн аймактардан келген долбоорлорду каржылоого бөлүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2 миң 227 долбоорго колдоо көрсөттү. Каржылоонун жалпы суммасы 373.5 млн $ түзгөн. Бул тууралуу фонддун жетекчиси Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, үч жыл мурун бөлүнгөн каражаттын 70% Бишкек жана Чүй облустарына камсыздалчу. Азыркы учурда региондон келген долбоорлор 82% түзөт жана каржыланган долбоорлордун 58% региндордордон келет.
Фонддун насыя портфели төмөндөгүчө:
• 54% — агро өнүктүрүү комплекси жана өндүрүш;
• 12% — туризм;
• 11% — транспорттук логистика;
• 10% — инфраструктура;
• 8% — башка тармактар;
• 4% — байланыш жана IT;
• 1% — каржы ишмердүүлүк.

Алдынкыны окуу

Эрдоган аль-Багдадинин аялы кармалганын билдирди

Кийинкини окуу

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз журналистикасына артылган милдет ишенимдүү аткарылууда