Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз журналистикасына артылган милдет ишенимдүү аткарылууда

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда журналисттер жана басма сөз кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчы маалымат — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү экенин билдирди.
«Коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын, жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулады. Сиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңарды кошуп жатасыңар. Кыргыз журналистикасына артылган милдетти ишенимдүү аткарып келесиздер.
Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм. Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!», – деди өлкө башчы.

Алдынкыны окуу

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду акчанын басымдуу бөлүгүн аймактардан келген долбоорлорду каржылоого бөлүүдө

Кийинкини окуу

Тажик бийлиги: чек арадагы чабуулга «Ислам мамлекети» тобунун тиешеси бар