Тажикстанда Made in Uzbekistan товарларына суроо-талап өсүүдө

Тажик рыногун негизинен Кытай, Түркия жана Кыргызстандан келген товарлар ээлейт. Чек аралар ачылгандан бери Made in Uzbekistan продукцияларына да суроо-талап көбөйдү. Өзбекстан Тажикстанга кийим-кече, азык-түлүктөн тарта тиричилик техникаларын жөнөтүүдө.
Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда товар жүгүртүү эки эсеге көбөйгөн. Душанбедеги «Корвон» базарында соода кылган ишкер Наргис Хафизова товарларды мурда Кытай жана Кыргызстандан ташып келчү. Бирок жарым жылдан бери бизнес-багытын өзгөртүп, кийим-кечелерди Өзбекстандан алып келе баштады.  Кытай жана Кыргызстанга караганда кирешелүү. Буга чейин Кытай жана башка өлкөлөргө баруу үчүн 7-10 күн жол жүрчүмүн. Өзбекстанга 2-3 күн эле кетет. Жыйынтыгында товарлардын баасы арзаныраак, – деди ал.
Анын айтымында, көптөгөн ишкерлер Кытай, Түркия жана Кыргызстандан жүк ташуу учурунда товар орто жолдо калып, көп кыйынчылык тартышат.

Алдынкыны окуу

Боливиянын президенти отставкага кетерин жарыялады

Кийинкини окуу

Ашхабадда алабайдын айкели орнотулат