2019-жылы ирригациялык объекттердин курулушуна 350 млн. сом бөлүндү

Акыркы эки жылдан бери аймактардагы суу жетпеген кайрак жерлерлерди иштетүү планы аткарылууда.  Тактап айтканда, ирригациялык маселени чечүү иштери жүрүп жатат. Бул иштер өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен аткарылууда. Анткени президент  «Аймактарды өнүктүрүү» жылында ички миграциянын азайышына көп көңүл бурууда.
Алсак, республикалык бюджеттин эсебинен 2019-жылга “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча ирригациялык объектилердин курулушуна 350 миллион сом каралып, толугу менен бөлүнүп берилген.Бул каражаттар 11 объектинини долбоорлоо – изилдөө иштерине жана 8 ирригациялык объекттеринин курулушуна жумшалат.

Учурда 8 ирригациялык объекттеринин курулушу ар кандай стадияларга жетти.

Атап айтсак:

– Кадамжай районундагы Молдо-Нияз СПАсында канал куруу- объектиде  курулуш жумуштары 60% аткарылды;

– Аксы районунда Падшы-Ата дарыясынан  өзүнөн өзү суу агуучу Ак-Терек каналын куруу- объектиде  курулуш жумуштары 35% аткарылды;

– Ош обласынын Чоӊ-Алай районундагы Шибе-Жекенди каналын куруу- объектиде  курулуш жумуштары 50% аткарылды;

-Ɵзгөн районунун Төрт-Күл айыл аймагынын Чарба ичиндеги ирригациялык тармагын куруу- объектиде  курулуш жумуштары 90% аткарылды;

– Нарын обласынын Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын Кара-Дөбө дарыясына СТК куру- объектиде  курулуш жумуштары 100% аткарылды;

– Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы  Бакай участогундагы Ак-Сай-Бакай насостук бекеттеринин каскадынын курулушу- объектиде  курулуш жумуштары 10% аткарылды.

Алдынкыны окуу

Жээнбековдун ирригация программасын ишке ашыруудагы амбициялуу максаттары аткарылууда

Кийинкини окуу

Соцфонд планды толтуруу үчүн эки айда 806 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултушу керек