Президенттин аймактарды өнүктүрүү максатында ар бир райондо жыл сайын 3 километрден кем эмес жолдорду салуу  тапшырмасы кандай аткарылып жатат?

Президент Сооронбай Жээнбеков калктын, өзгөчө аймактардагы тургундардын жашоо сапаты, социалдык-экономикалык абалы транспорттук байланыштардын өнүгүүсүнөн жана жол инфраструктурасынын иштешинен көз каранды экениндигин бир нече жолу баса белгилеп айткан жагдайы бар.
Ал ошондой эле жол-транспорт инфраструктурасын, анын ичинде темир жол жана авиа каттамдарын өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу маселелерин тез арада чечүү зарылдыгын белгилеген.
Бул багытта Сооронбай Жээнбеков бийликке келгени  өлкөбүздүн транзиттик потенциалын жакшыртуу максатында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча суйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул долбоор ишке кирип калса өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгү темир жол каттамы менен бириктирилет.
Ошондой эле дагы бир ири  долбоор бул Манас аэропортун реконструкциялоо. Азыркы күнү ири эл аралык финансылык институттар менен Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде инвестицилык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланууда.
Андан тышкары, 2019-жылы мамлекеттик бюджеттен каралган акча каражаттын эсебинен жалпы көлөмү 325 км жолго асфальт төшөлдү. Бул көрсөткүч акыркы жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүчтөрдөн болуп эсептелинет.
Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 1- жана 2 – фазаларынын алкагында 539,1 млн. АКШ долларга (77,4% жогору) куруу иштери аяктады. Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 1,2 фазасынын курулуш иштери, тоннелди казуу жана эстакадалык көпүрөлөрдү куруу иштери 2022-жылга чейин аяктайт.
Ошондой эле, 3-фазасынын алкагында Дыйкан-Кызыл-Жылдыз участогунун курулуш иштерин аткаруу үчүн  аткаруучу компанияны тандоо аякталууда.
Мындан тышкары, БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу долбоорунун  алкагында Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциясы уланууда. Бүгүнкү күнү жалпы иштердин 45%  же болбосо жалпы 45,1 км жолдун 23 км аяктады.  Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциясы 2021 жылга чейин аяктайт.
Дагы бир баса белгилеп кете турчу жагдай, туризм тармагына чоң салымын кошо турган Балыкчы-Корумду жолу бүткөрүлөт. Ошондой эле, Корумду-Балбай Баатыр участогун ишке ашыруу тууралуу донорлор менен каржылоо тууралуу иштер аткарылып жатат. Мындан тышкары Ысык-Көл шакекче жолун долбоорлоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ош-Баткен-Исфана-Худжант жолу боюнча иштер бүттүрүлдү. Ошондой эле, Караван-Көк-Талаа участогунда курулуш иштери аткарылууда.
Ошондой эле, ушул жылы Баткенден Төрткүлгө, Баткенден кызыл-Бел көзөмөл өткөрүү жайына жана Исфанадан Кайрагач көзөмөл өткөрүү жайына чейинки жол бөлүктөрүндө курулуш иштери аяктады.

Мындан сырткары, өлкөнүн 8 көзөмөл өткөрүү жайларында – “Сосновка”, “Кемин”, “Каратай”, “Жаңы-Арык”, “Көк-Талаа”, “Ак-Тилек”, “Чалдовар” жана “Чоң-Капка” – салмакты жана габаритти көзөмөлдөөчү динамикалык системасы орнотулду. Азыркы учурда орнотулган жабдыктар штаттык режимде иштеп жатат.
Ошондой эле, Ош-Баткен-Исфана жол башкармалыгы үчүн жолдорду тиешелүү деңгээлде тейлөө максатында болжол менен 50 даана жол тейлөө техникалары (жолду жамап-оңдоо үчүн кичүү жабдык, АБЗ жана ташты талкалоочу жабдык) сатылып алынды.
Маданият-Жалал-Абад жолун куруу иштери башталды. Бүгүнкү күнү жалпы иштердин 5% бүткөзүлдү. Жолун куруу иштери 2022-жылга чейин аяктайт.
Бишкек-Нарын-Торугарт жана Тараз-Талас-Суусамыр жолдорунун долбоорлорунан үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен кошумча курулуш жумуштары аткарылып жатат.
Тараз-Талас-Суусамыр  автожолунун IV Фазасы, Талас шаарынан – Казак Республикасынын чек арасына чейинки аралыгын каржылоо боюнча донорлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
БАРЭК 1 жана БАРЭК 3 транспорттук коридорлорунун бириктирүүчү Арал-Суусамыр жолун калыбына келтирүү долбоор фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кеңешинин тарабынан бекитилген.
Бишкек шаарын түндүк жагынан айланып өтүүчү автожолу боюнча долбоордук документтерди даярдоо жүрүп жатат. Түп-Кеген унаа жолун, 2020 –жылы баштап, 2024-жылы аяктоо пландаштырылууда.
Бул долбордун алгагында Түп-Кеген унаа жолунун 39-чакырымдан 76-чакырымга чейинки аралыгын жана Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу узундугу 15 чакырымды түзгөн жол реабилитациялоо, андан тышкары Ысык-Көл областында туризмдин потенциалын өнүктүрүү багытталган, алар 5 туристтик сервис борборлорун куруу, геопарктарды өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор жана башка компонеттер каралат.

Алдынкыны окуу

Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү

Кийинкини окуу

Өлкө башчы туруктуу өнүктүрүү үчүн реформаларды тездетүү форумуна катышат