Жээнбековдун ирригация программасын ишке ашыруудагы амбициялуу максаттары аткарылууда

«Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар жогору. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт», — деп айткан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  2019 жылдын башында, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда.

Анын айтмында, 14 обьектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Бул топко Кытай гранты, Ислам өнүктүрүү банкынын кредити жана республикалык бюджеттен каржыланчу объектилер киргизилген. Экинчи топко кирген 17 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат, азыр сүйлөшүүлөр аяктап калды. Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 18 млрд. сомду түзгөн 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот деп убадалаган президент.
Сооронбай Жээнбеков айткандай эле, учурда ирригацияны өнүктүрүү боюнча бир топ иштер аткарылууда. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылык кызматына киришкенден тарта суу жетпеген аймактарда ирригациялык маселени чечүүнүн жолун издөө тапшырмасын берген. Аталган маселе чечилсе – бул ички миграцияны кыскартат. Анткени жаңы жерлер иштелет, жаштар айылда калат. Тактап айтканда, 2017-2026-жылдары ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында республика боюнча 46 объекттинин курулушу каралган. Анын ичинен 2023-жылга чейинки мөөнөттө 31 объекттинин курулушу пландалган.
Үстүбүздөгү жылда жалпысынан 12 объектте курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Анын ичинен 2019-жылдын 1-ноябрына карата эки объектинин курулуш иштери аяктады.
Алар: – республикалык бюджеттин эсебинен Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын Кара-Дөбө дарыясында сезондук жөнгө салуучу бассейнди куруу; – Кытай грантынын эсебинен“Ысык-Көл районундагы “Кара-Ой” айыл аймагынын жерлерин сугаруу” объектисин куруу.

Алдынкыны окуу

Ошто жер титирөө катталды

Кийинкини окуу

2019-жылы ирригациялык объекттердин курулушуна 350 млн. сом бөлүндү