Мухаммедкалый Абылгазиев Нарынга иш сапары менен барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында курулганы жаткан анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат.
Ошондой эле Комсомол айылында Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объектилерди кыдырат.

Алдынкыны окуу

Искендер Матраимов комиссиянын курамына кирбей турган болду

Кийинкини окуу

Аба ырайы унаа кыймылын, мал-жандыкты кармоону кыйындатат