Путин: жаңы куралды сыноону «эч нерсеге карабастан» улантабыз

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө «эч нерсеге карабастан» быйыл августа Нёнокс полигонундагы жарылууга себепчи болгон куралды жакшыртууну уланта турганын билдирди.
Орус президенти бейшемби күнү Кремлде бул окуяда каза болгондорго ыйгарылган Эрдик орденин туугандарына тапшырды. Өз сөзүндө ал кеп кайсыл курал жөнүндө болуп жатканын ачык айткан жок. Бирок дүйнөдө анын «аналогу жок экенин жана Орусиянын коопсуздугун ондогон жылдар боюнча камсыз кыла турганын» белгиледи.
Буга чейин өлкөнүн Коргоо министрлиги Нёнокс полигонунда изотоптук кубаттоо булагы бар ракеталык орнотмо жарылганын билдирген.
«Свобода» радиосу Нёноксе полигонундагы жарылуу тууралуу ачык булактардагы маалыматтарды иликтеп, жарылуу деңиз түбүнөн «Буревестник» өзөктүк-энергетикалык орнотмосун чыгаруу маалында болгон деген жыйынтыкка келген Бул ракетанын өндүрүшү тууралуу Путин 2018-жылы мартта элге кайрылуусунда айткан.
Полигондогу жарылуу 8-августта болгон. Анын жыйынтыгында «Росатомдун» беш кызматкери жана Коргоо министрлигинин эки өкүлү мерт болгон. Мындан тышкары бир нече адам жаракат алган. Алардын радиациядан жабыркаганы кабарланган. Полигон жайгашкан Северодвинск шаарында бир аз убакытка радиациялык фондун жогорулаганы байкалган.

Алдынкыны окуу

Өкмөт башчы: Мектеп мугалимдеринин арасында атаандаштык түзүлүш керек – фото

Кийинкини окуу

23-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат