Депутат Рыспаев: Укук коргоо органдарынын жашоо-шарты жакшыртылмайынча контрабанда же коррупция токтобойт

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңеште “Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралууда. Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган укук коргоо органдарынын, тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Жыйын жүрүшүндө «Контрабанда, коррупция менен күрөшүү үчүн укук коргоо органдарынын жашоо-шарты жакшыртылмайынча контрабанда же коррупция токтобойт»,- дейт депутат Кожобек Рыспаев. Мындай пикирди депутат Таабалды Тиллаев улады.

Депутат Мирлан Жээнчороев ИИМ алдындагы уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүчү башкармалыктын кызматкерлердин санын кыскартпоо керектигин баса белгиледи.

Депутат Талант Мамытов ички иштер министрлигинин 8-15 миӊ сомдук маянасы натыйжалуу иштөөсүнө жетиштүүбү деген суроону коюп, мамлекет тарабынан үй менен камсыздоо сыяктуу стимул берүүчү иш-аракеттер болушу керектигин белгиледи.

Алдынкыны окуу

Абылгазиев долбоорлорду ишке ашырууда алардын сапатын текшерүүнү талап кылды

Кийинкини окуу

6-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат