1-июндан тарта Ысык-Көлгө эс алууга барууга болот – Жаманкулов

1-июндан тарта Ысык-Көлгө эс алууга барууга болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Маалымат жыйында ага Ысык-Көлгө туристтик сапарларды уюштурууга болобу деген суроо узатылды.

“Бардык объекттер 1-июндан тарта ишин башташы керек. Албетте, санитардык талаптардын аткарылышы боюнча комиссия чыгып текшерет. Бирок 1-июндан тарта Ысык-Көлгө барууга болот”, – деди ал.

Аны менен бирге ал кичи автобус, автобустарда коронавирустун жугуу тобокелдиги көбүрөөк болгондуктан туристтик сапарларды уюштурган фирмаларга эс алуучуларды 3-4 орундук жеңил унаалар менен ташуу сунушталарын айтып өттү.

Алдынкыны окуу

Штаб: Кыргызстандагы бардык базарларда беткап режими катуу сакталышы керек

Кийинкини окуу

Матраимовдор Саламаттык сактоо министрлигине 17 (ИВЛ) жабдыгын белек кылды (видео)