Депутат У. Кыдыралиев: Демократия – бул чоң жоопкерчилик. Фейк-маалымат чыгарса, дезинформация кылса, жалган информация таратса, жооп берсин

Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам талкууланды. Депутат Умбеталы Кыдыралиев жогорудагыдай пикирин мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.
Ал кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоого чакырып, демократия, сөз эркиндиги деген бийик сөздөр айтылып жатканы менен бул жерде бир нерсени билүү керектигине басым жасады. «Демократия – бул менин эле укугум эмес. Эң биринчиден, демократия бул чоң жоопкерчилик. Фейк-маалымат чыгарса, дезинформация кылса, жалган информация таратса, жооп берсин да. Бүт демократиялык маданияттуу мамлекеттер азыр фейк менен күрөшүп атат», – дейт Умбеталы Кыдыралиев. Эл өкүлү дал ушул фейктерден демократиянын системасы жапа чегип жатканын, чоң глобалдык дүйнөнүн мүчөсү катары бизде дагы бул маселеге чара көрүлүшү керектигин кошумчалады.
Ал Исламда «мусулман бир кылмыш иш кылышы мүмкүн, жаман иш кылышы мүмкүн, бирок эч качан калп айткан мусулман бизден эмес» деп айтылаарына токтолду. «Бүткүл дүйнөдө калпычылар менен күрөш жүрүп жатат. Гулшат Асылбаева демилгелеген мыйзам бул эмне? Муну менен жок дегенде фейк-маалыматтарга жөнөкөй бир чектөө коелу да», – дейт депутат.

Алдынкыны окуу

Президенттин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты

Кийинкини окуу

Куттуктоолор чындыкка айланып калса. Айгүл Чалова ага Роза Аманова үй белекке бербегендигин айтты