Куттуктоолор чындыкка айланып калса. Айгүл Чалова ага Роза Аманова үй белекке бербегендигин айтты

Ырчы Роза Аманова Айгуль Чалова аттуу ырчы кызга үй белекке берген эмес. Мындай маалыматты Чалова өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

“Кечетен бери үйлүү болдум, таныштарымдын баары куттуктап кубандырып жатты,чын эле үйлүү болгондой кубанып ошол жалган болсо дагы, жалганга жол бергим келбей ; ушул куттуктоонун баары чындыкка айланып кетсе деп жаш баладай ичимен кыялданып жаттым,бирок ал үйүм кайда экенин өзүм билбейм.
Мага карантин учурунда квартплата боюнча үй кожоюну менен кичине түшүнбөстүктөр болуп мени капа кылган.Ошол учурда ызаланганымдан элдин акыбалы кандай?ушундай кырдаалда адамды адам түшүнүгө болбойбу? деген мааниде жазгам, аны ар кандай фейктер ар кандай темада жазып “кууп чыгыптыр “деген одоно түшүк менен жазышып, элдин башын айландырышкан. Жанымда чогуу куулгандай сүйлөгөндөр четтен чыкты.Ооба :ошол учурда Роза Аманова эжекем чалып акыбалымды сураган, Роза Аманова мага эч кандай үй убада кылган  эмес балким шарты болсо кылмак,ошондуктан кечээ түшүнбөстүктөр болуп кетти, мени куттуктап Роза Амановага алкыш айткандарга рахмат бирок кечирим сурайм:Сиздердин кубанычыңыздар чындыкка айланбай калган үчүн,бирок буйруса үйлүү болсом албетте кубанычымды сиздер менен тең бөлүшөм. Баарыбызга берүүчү да алуучу да бир гана Жараткан Алла. Мен бир гана Жараткандан сурайм, Жаратканга дуа кылам, Жаратканым жардам сураганга эмес ,жардам бергенге жеткирсин. Баарыңыздарга жакшы маанай жана кең пейилдүүлүк каалайм. Фейкетер эми өзү билсе керек”, -деп жазган ырчы.

Эскерте кетсек, кечээ айрым маалымат агенттиктер Роза Аманова ырчы Айгүл Чаловага үй белек кылды деп өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышкан.   Белгилей кетсек, азырынча Роза Аманова менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Алдынкыны окуу

Депутат У. Кыдыралиев: Демократия – бул чоң жоопкерчилик. Фейк-маалымат чыгарса, дезинформация кылса, жалган информация таратса, жооп берсин

Кийинкини окуу

Нарында мектептин курулушу башталды