Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөйт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынына катышат.Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.
Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Алдынкыны окуу

Нарында мектептин курулушу башталды

Кийинкини окуу

Бишкекте №5,11 жана №14 каттамдагы троллейбустардын иши убактылуу токтотулду