Кыргызстанда сутка ичинде 5 бейтап коронавирустан каза болду

Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди. Анын айтмында Республикалык клиникалык ооруканасында –  2 бейтап 57 жана 67 жаштагы 2 эркек каза болгон.
Ошондой эле Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан – 60 жаштагы эркек, Москва аймактык ооруканасынан – 70 жаштагы эркек,  Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 72 жаштагы аял каза болгон.
Кыргызстан боюнча пандемия башталгандан бери жалпы каза болгондордун саны 62 кишини түздү.

Алдынкыны окуу

Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учур катталды

Кийинкини окуу

Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды