Кеминдин ар бир айылында стационарлар ачылып жатат

Чүй облусунун Кемин районунун ар бир айылына күндүзгү стационарлар ачылууда. Бул тууралуу Кемин райондук администрация башчысы Нурлан Шаршеналиев билдирди.

“Учурда Кеминдин ар бир айылына убактылуу иштөөчү күндүзгү стационарларды ачып жатабыз. Учурда Кемин шаарынын  Маданият үйүндө 50 орунга ылайыкталган стационар, Боролдой, Чоң-Кемин, Чым-Коргон, Орловка айылында стационарлар ачылды. Бул иштер дагы уланууда. Мындай убактылуу оорканалар ар бир айыл аймагында ачылат. Эл райборборго агылбай  жеринде медициналык кызмат алуусуна шарт түзүүгө колдон келген аракеттерди жасап жатабыз”, – деди ал.

Шаршеналиевдин айтымында, Кемин райондук ооруканасы  55 адамга ылайыкталганы менен, ал жерде пневмония жана коронавирус илдети менен жабыркагандар дарыланып жатат.

“Кудай сактасын бул илдет менен жабыркагандар көбөйсө, Кеминдеги үй-бүлөлүк дарыгерлердин ооруканасынын бирин мектепке которуп, поликлиникалардын бирин оорукана катары колдонууга ишке киргизебиз. Ал эми балдарды жана башка оорулар менен жабыркаган бейтаптарды үй-бүлөлүк дарыгерлер мектептин ичинде кабыл ала беришет”,- деди ал.

 

 

Алдынкыны окуу

Сутка ичинде коронавирустан 13 адам каза болсо, пневмониядан 44 адам каза болду

Кийинкини окуу

Депутат айрым мамлекеттик кызматтардын чыгымын кыскартып, аны саламаттык сактоого жумшоо сунушун айтты