Садыр сага салам кат! Акын Мирлан Самыйкожо Жапаровго кайрылды
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев озунун орун басарын кызматтан алып, ордуна Бермет Турсалиеваны дайындады. Бул тууралуу Токтогазиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты
“Айыл-чарба Министрдин жаңы орун басары менен таанышып алгыла – Бермет Турсалиева !Айыл чарба министрлиги – чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Реформаларды жасаш үчүн күчтүү команда керек. Бермет айым, сиз Министрликке жаратмандык маданиятты алып келип, көп-көп прогрессивдүү жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз деп ишенем. Мен сизге ишенем! Элибиз үчүн чогу кызмат кылалы. Элибиздин батасын чогу чогулталы”, – деп жазган Токтогазиев.
Бермет Турсалиева 42 жашта. Ал буга чеийин “Organic KG”, Аграрная платформа, “Алма” журналынын негиздоочусу катары таанылып келген.
Белгилей кетсек, айыл чарба министрлигинде алгачкы жолу аял киши министрдин орун басары болууда.